Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Косовонун премьер- министри отставкага кетти


Рамуш Харадинай Гаагадагы эл аралык трибунал аны аскерий кылмыштары үчүн айыпталып жаткандыктан отставкага кетти. Ал бүгүн өкмөттүн чукул жыйынынан кийин буларды билдирди:

-Менин эч күнөөм жок. Бирок трибунал мага каршы айып коюуп жаткандыктан, мен отставкага кетип Гаагага тезинен барам. Сиздерди Косовонун көз карандысыздыгы үчүн ишти уланутууга чакырам.

Ага БУУнун мурдагы Югославия боюнча трибуналы таккан айыптар коомчулукка жарыялана элек. Белгилүүсү трибунал анын 1998-99-жылдары куралдуу жаңжаал учурундагы ролун иликтеген. Анда Харадинай Косовонун сербдер менен күрөшкөн Боштондук армиясынын жол башчыларынын бири болчу. Сербиянын укук коргоо органдары да өз алдынча аны100 дөн ашуун эпизод боюча айыптап, кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG