Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Бейрутта Сирияны колдогон демонстрацияга жүз миңдеген адам чыкты


Ливандын сириячыл "Хезболла" уюму бүгүнкү демонстрацияны өлкөдөгү саясий оппозициянын февралдын ортосунан бери дээрлик күн сайын өтүп жаткан митингдерине жооп ирээтинде уюштурду. Бүгүнкү демонстрацияга чыккандар Сириянын аскерлери Ливанда кала беришинин жактоочулары.

Демонстранттардын колунда Ливандын желектери, Сирия президенти Башар Ассад менен Ливандын сириячыл президенти Эмил Лахуддун сүрөттөрү, АКШны Ливандын "ички ишине кийлигишип жатат" деп айыптаган ураандар болду. Ал эми саясий оппозиция Сирия Ливанды оккупациялоосун токтотуп, бул жердеги 14 миң аскерин чыгарып кетүүсүн талап кылууда.

Эки өлкөнүн президенттери Башар Ассад менен Эмил Лахуд сириялык аскерлерди ушул айдын соңуна карата Ливандын чыгыш райондорунда, Сириянын чек арасын көздөй жылдырууну кечээ макулдашкан. Ал эми аскерлер толук чыгарылып кетүүчү мөөнөт айтылган эмес. Батыш өлкөлөрү муну "жарым-жартылай" иш катары мүнөздөштү.

XS
SM
MD
LG