Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Аслан Масхадов окко учту


“Азаттыктын” Грозныйдагы кабарчысынын Россиянын ички иштер министрлигинин өкүлүнө таянып маалымдашынча, А.Масхадов дүйшөмбү күнү Толстой-Журт кыштагындагы атышуу маалында окко учкан. Анын үч жардамчысы туткунга алынган. Генерал Илья Шабалкин жасат Масхадовдуку экени ырасталганын билдирди.

Кабарды уккан Россиянын президенти Владимир Путин коогалуу республикада тынчтык орнотуу үчүн дагы көп иштер жасалыш керек экенин айтты:

-Чеченстанда бүткөрүлчү иштер дале көп. Биз Чечен Республикасынын жарандарын жана бүтүндөй Россияны бандиттерден коргоо аракетин күчөтүшүбүз зарыл.

XS
SM
MD
LG