Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

НАКЕН КАСИЕВ: "ПАРЛАМЕНТКЕ КАПЧЫКТУУЛАР КЕЛАТАТ"


Ош облусунун мурунку губернатору, “Элет” партиясынын лидери Накен Касиев №35 Атбашы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, жеңилип калган. Бирок ал шайлоодо административдик ресурсту пайдалануу, шайлоочуларды акча менен сатып алуу орун алды деп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылды. Сот маселени жакынкы күндөрдө карайт. Анын алдында Накен Касиевге бир катар суроолор менен кайрылдык.

- Накен мырза, өлкөдөгү азыркы кырдаалга кандай баа бересиз?

-Азыркы күндө өлкөдө кырдаал курч. Ал 27-февралдагы шайлоодон кийин түзүлдү. Тилекке каршы президенттин сөздөрүнө карабастан бардык округдарда административдик күчтөрдү пайдалануу, эң негизгиси көрүп-билип укпагандай шайлоочуларды сатып алуу ачык жүрдү. Муну көрүп турган эл дагы, шайлоочулар да нааразы. Жалпы Кыргызстанда, анын ичинде кээ бир округдарда чыгып аткан элдерди Шайлоо кодексин тепселөө, Конституцияны бузуу кыжырлантууда. Мындай мыйзам бузууларга бийлик, күч органдары эч кандай реакция жасаган жок. Мына ошонун аркасынан эл көчөгө чыгып, жалпы Кыргызстанда өтө коркунучтуу кырдаалды түздү.

-Мына ушул абалдан чыгуунун кандай жолун көрүп турасыз?

-Абалдан чыгуу үчүн, биринчиден, сот органдарынын адилет чечими керек. Шайлоодогу мыйзамсыздыктар сотко берилди. Сот органдары административдик күчтөн жогорураак туруп, акыйкаттуулук менен бардык округдарда туура чечим чыгарса - эл толкунун токтотуунун жолу ушул жакта. Экинчи жактан, эл менен бийликтин ортосунда жарака кетип атат. Аны азайтуу үчүн эл менен бийлик диалогго барыш керек.

-Накен мырза, сиз айттыңыз шайлоодо саясатчылар менен саясатчылар, программалар менен программалар эмес, акча гана негизги ролду ойноп калды дедиңиз. Мына ушул абалдан чыгуу үчүн эмне кылыш керек? Мүмкүн партиялык тизмени киргизип, бийлик системасына кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизүү керекпи. Чындыгында бир депутат келип, мамлекеттик саясатта эч нерсе өзгөртө албайт. Мүмкүн партиялык тизме болгондо кайсы бир партия бийликке келип, өкмөттү түзүп, саясат жүргүзүүгө жөндөмдүү болмокпу?

- Бул туура. 2000-жылдагы шайлообуз бул жагынан алганда бир топ прогрессивдүү болгон. 2003-жылы референдумда партиялык тизмени жоготуу коюлганда мен терең нааразылык билдиргенмин. Себеби, кокту-колот, уруучулукка батып турган биздин элге партиялык тизме керек. Ошондуктан кандай болгон күндө да биз партиялык тизмеге биз кайрылып келишибиз керек. Болбосо партияларды түзүп кереги эмне? Партиялык тизмени киргизбеген каталыгыбызды мына турмуш тастыктады.

-Накен мырза, өзүңүз белгилегендей маалымат жаатында эл суусап турат. Кечээ жакында өкмөттүк эмес уюмдар, саясатчылар уюштурган Форумда кыргыз телекөрсөтүүсүн реформалап, аны коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу, анда көз карандысыз, оппозициялык саясатчыларга атайын орун берүү жөнүндө сөз болду. Мына ушул маалыматтык таңсыктыктан кантип чыксак болот?

-Мына бүгүнкү күндө өлкөбүз маалыматтык блокадада туруп калды. Бул биздин “демократиялык аралча” деген атыбызга шек келтирип жатат. Себеби маалымат албаган эл туура чечим кабыл ала албайт. Бир жактуу маалымат эч качан жакшылыкка алып барбайт. Ал эртели кеч бир элдин арасында жарылууну пайда кылат. Ошондуктан менин оюмча, суроодо айтылган нерсе абдан туура. Биздин телекөрсөтүүбүз, анан менчик телеканалдар жана маалымат каражаттарына мүмкүнчүлүк берилиш керек.

- Шайлоонун биринчи туру жөнүндө сөз кылсак. Анда отузга жакын "өкмөтчүл" депутат шайланды. Экинчи турга, жалпы эле жаңы парламенттин курамы кандай болот деген көз караштасыз?

-Биринчи турда парламентке капчыктуулар, акчалуулар келди. Тизмени карап көрсөңүз анда бир да дарыгер, мугалим жок. Менин оюмча, экинчи турда да ошондой көрүнүш болот. Кыргызстанда бир жактуу парламент түзүлүшүнө шарт түзүлүп калды.

-АКШнын Конгрессинде Кыргызстан бийлигинде баланс жок деген резолюция кабыл алыныптыр. Оппозициялык саясатчылар мындай пикирди дайыма айтып келатышат. Биздин бийликте баланс барбы?

-Кайсы тараптагы баланс. Оппозиция менен бийлик ортосундагыбы?

-Жок. Бийлик системасында. Маселен, Аткаруу бийлиги менен Жогорку Кеңеш ортосунда, Аткаруу бийлиги менен соттор ортосунда.

-Түшүнүктүү. Эч кандай баланс жок. Эгерде баланс болгондо азыркыдай абалга туш болбойт элек. Ал баланска жетиш үчүн көп убакыт жана аракет керек экен.

-Накен мырза, келечектеги пландарыңыз кандай, саясатта кандай иштерди жүргүзөсүз?

-Саясатта азыр №35 Атбашы округунда болгон мыйзам бузууларды сотко бердик. Борбордук шайлоо комиссиясы карап жатат. Ошолордун чечимине жараша болот менин кадамдарым. Кандай болгон күндө да менин саясатчы катары өзүмдүн оюм, пикирим бар. Ошолорду мындан ары да кармап калам деген тилегим бар.

- Ырахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG