Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:12

Биринчи май райондук соту Ишенбай Кадырбековдун арызын канааттандарган жок


БИШКЕК. 9-мартта Бишкектин 1-май райондук соту №33 Нарын шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбековдун арызын канааттандырган жок. Ишенбай Кадырбеков сотко округдук комиссиянын 5-марттагы ѳзүн талапкерликтен четтеткен чечимин күчүндѳ калтырган БШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылган болчу. Округдук комиссия болсо Ишенбай Кадырбековдун ишенимдүү ѳкүлү 2-мартта «МСН» гезитин колдоо үчүн ѳткѳрүлгѳн жыйында талапкерди колдоого үгүттѳдү деген атаандашы Самаковдун арызынын негизинде жарыштан чыгарган. Учурда Кадырбековдун тарапкерлери Нарын шаарында нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. И. Кадырбеков шайлоочуларын каршы деп добуш берүүгө чакыра тургандыгын билдирди.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG