Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Кыргызстан элдик кыймылы жоопкерчиликти өзүнө алды


БИШКЕК. Бийликтин чегинен чыккан мыйзам бузууларына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн оор саясий кырдаалда элдин кыймыл-аракеттерин координациялоо жоопкерчилигин Кыргызстан элдик кыймылы өзүнө алат. Бул тууралуу 9-мартта Кыргызстан элдик кыймылынын өлкөдөгү бардык оппозициялык жана патриоттук күчтөргө, калкка жолдогон кайрылуусунда айтылды. Кайрылуу ээлери президент Аскар Акаев өлкөнү башкарууга жөндөмсүз болуп калды деп билдиришкен. Кыргызстан элдик кыймылынын пикиринде өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн президент кызматынан баш тартууга тийиш, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону, андан соң, парламенттик шайлоону өткөрүү зарыл.

XS
SM
MD
LG