Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Жогорку Кеңештин депутаттары президентке кайрылуу жолдошту


Бишкек. 9-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана укук маселелери боюнча комитеттеринин жыйыны болуп, анда президентке кайрылуу кабыл алынды. Кайрылууда парламенттин кош палатасынын чукул чакырылган кезексиз жыйынын өткөрүү, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, өлкөдө чукул президенттик шайлоо өткөрүү сунуштары айтылган.
Жыйында 10-мартта Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттарынын кезексиз чукул чакырылган отурумун өткөрүү жөнүндөгү чечим кабыл алынды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын регламентине ылайык палатанын чукул чакырылган кезексиз отурумун өткөрүү үчүн жыйындын депутаттарынын үчтөн экиси катышууга тийиш. Азырынча кезексиз отурум өткөрүү демилгесин Мыйзам чыгаруу жыйынынан 40 депутат, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынан 11 депутат колдоп жатышат. Депутаттардын отурумунда өлкөдөгү азыркы кырдаал, өкмөттү отставкага кетирүү, шайлоого байланыштуу маселелер каралмакчы. Эгерде депутаттардын кворуму жетишпей калса, парламенттик угуу өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG