Рамуш Харадинайды аэропорттон полиция түз эле трибуналдын түрмөсүнө жеткирди. Харадинай 90-жылдардын этегинде Косовонун боштондук армиясындагы бараандуу командирлердин бири болгон. Трибунал аны аскери кылмыштарды жасаган деп айыптайт. Харадинай өзүнүн адалдыгын далилдөө үчүн өз эрки менен Гаагадагы трибуналга барып,сурак берүүнү чечкен эле.Ушуга байланыштуу ал кечээ Косовонун өкмөт башчылык кызматын тапшырган.