Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:26

Багдадда бүгүн да бомба жарылды

Адегенде экстремисттер айыл чарба министрлиги жайгашкан имарат алдындагы өткөрмө-күзөт жайга ок жабылтышкан, чыңоолдогулар алаксый түшкөндө жанкечти-шофер дүрмөттөлгөн машинаны имараттын короосуна айдап кирип, жардырып жиберген. Эки адам мерт кетип, 20дай киши жарадар болду. Кыянат үчүн жоопкерчиликти Абу Мусаба аз-Заркавинин тобу өзүнө алды. Кечээ алар ички иштер министрлигинин бир жетекчисин тындым кылып кетишкен эле. Түштүктөгү Басра шаарында да бомба жарылып,бир полицмен өлдү.
XS
SM
MD
LG