Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Талас обласынын айрым карыялары шайлоо өнөктүгүнө наарызы


ТАЛАС. 40-50 чамалаш карыялар ушундай нааразычылык пикирин билдирүү үчүн облус губернатору Искендер Айдаралиевдин кабыл алуусунда болушту. Карабууралык жазуучу Элүүбай Отунчиев, бакайаталык карыя Алкан Тынысов жана башкалар шайлоо алдындагы үгүт иштерине Бишкектен келишкен жогорку кызматтагылар аралашып, элди уруу-уруу, аймактарга ажыратып, талапкерлерди өз жана өзгө деп экиге бөлүп жатышкандыгына нааразы. Айрым талапкерлер добуш сатып алуу үчүн азык-түлүк, акча, идиш-аяк, күйүүчү май таратып жатканына бийлик көз жумду мамиле жасап жаткандыгын айтышты. Шайлоого аткаруу бийлиги аралашканын токтотпой, добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого аракет жасалса, эл Жалалабат, Нарындагы шайлоочулардын жолуна түшөөрү айкын экендигин эскертишти. Карыялардын бул акциясына удаалаш эле Талас шаарынын жаштары да «Таза шайлоо үчүн» деген жүрүш уюштурушуп, плакаттарды көтөрүп алышып, шаардын көчөлөрүн кыдырып чыгышты.

XS
SM
MD
LG