БИШКЕК. Парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы 13-мартта Нарын жана Кочкор шайлоо округдарында өтпөйт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 10-мартта өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кочкор шайлоо округунда шайлоонун кийинкиге жылдырылышына экинчи айлампага чыккан эки талапкердин бири Ишенбай Кадырбековдун 9-мартта сот аркылуу шайлоодон четтетилиши негиз берди. Мыйзам боюнча көп добуш алган үчүнчү талапкер экинчи айлампада экинчи атаандаш болуп катыша алат. Ал эми Кочкор шайлоо округунда добуш берүү талапкер Турдакун Усубалиевдин арызын сот карап бүткөндөн кийин аныкталат. Усубалиев Кочкордогу жагдайды териштирүүнү сурап 1-май райондук сотуна кайрылган. 27-февралдагы шайлоодо бул округдардагы талапкерлердин 62%тен көбүрөөгү бардык талапкерлерге каршы добуш берген. Анын алдында Акылбек Жапаровдун жана Бейшембек Болотбековдун тарапкерлери массалык түрдө нааразылык чараларын уюштурушкан. Иманбаевдин айтымында, парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы 42 шайлоо округунда өтүп, ага 1 млн. 560 миң шайлоочу катышуу укугуна ээ.