Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

БШКны кызматтан сот гана кетире алат


БИШКЕК. Шайлоо учурунда Борбордук шайлоо комиссиясын таратууга Жогорку Кеңештин да, президенттин да укугу жок. БШК мыйзам боюнча сот чечиминин негизинде гана кызматтан кете алат. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын 20 депутатынын кайрылуусуна байланыштуу БШК төрагасы Сулайман Иманбаев ушундай пикирин билдирди. Иманбаевдин айтымында, президенттик чукул шайлоо өткөрүү, парламенттин мөөнөтүн узартуу маселелери Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет. Мындай пикирин журналисттердин суроолоруна жооп берген төрага Жогорку Кеңештин депутаттарынын парламенттик угуусу жана ал кабыл алган кайрылуу тууралуу БШКга эч кандай ырасмий документ келбегендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG