Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Координациялык кеңеш түзүлдү


БИШКЕК. Нааразылык иш чаралардын башын бириктирип, элдик толкундоолордун максатын турмушка ашыруу максатында «Эл биримдиги» координациялык кеңеши түзүлдү. Ага курамына тогуз саясий партия кирген Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт» бирикмеси жана башка бир катар партия, бейөкмөт уюм элге белгилүү саясатчылар киришти. Ушул эле күнү Эл биримдик өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, 27-февралдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана андан соң парламенттик шайлоо өткөрүү демилгесин колдой тургандыгын билдиришти. Атуулдарды мындай демилгени колдоого үндөштү.

XS
SM
MD
LG