Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Грузия Орусияга ультиматум коюшу мүмкүн


Өлкөнүн парламенти бүгүн Орусияны Грузияда калган эки базасын көчүрүп кетүүгө чакырган резолюцияны карап жатат. Долбоордо Тбилиси менен Маскөөгө аскер чыгаруунун күн тартибин аныктоого 1-майга чейин убакыт берилет. Эгер ага чейин мунаса жетишилбесе, орусиялык аскерлер 2006-жылдын 1-январына чейин ишин токтотушу керек болот.

1999-жылы Орусия Грузиядагы бардык аскер базаларын жабууга сөз берген, бирок азырынча эки гана базасын алып кетти, калган экөөнү чыгарууга 10 жылдан ашык убакыт керек деп айтууда. Орусиянын Мамлекеттик Думасы да бүгүн аскер чыгарууну талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG