Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Түркиянын аброюна шек келип жатат


Европалык мыйзамгерлер аялдарга каршы зөөкүрдүк Түркиянын аброюна шек келтирип жатканын эскертишти.

Алар Европа Биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүү башталганы жатканда өткөн аптанын соңунда полициянын аялдарга зордукчул мамиле жасашын сынга алышты.

Түрк полициясынын демонстранттарды таяк менен сабап, калемпир газын колдонгонун бүт Европада сыналгыдан көрсөтүштү. Европалык парламентарийлер бул окуя боюнча биримдиктин аткаруу комитетинин иликтөө жүргүзүшүн талап кылган резолюцияны басымдуу көпчүлүк менен кабыл алышты. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл бул окуяны толук иликтөөгө сөз берген.

XS
SM
MD
LG