Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Жээнбековдун бир жардамчысы дайынсыз


ТАЛАС. №55 Бакайата округу боюнча талапкер Равшан Жээнбековдун үгүт тобунун бир мүчөсүн Ички иштер министрлигинин оперативдүү тобу кармап Бишкекке алып кетти. Бул окуяга нааразычылык билдирген акция Бакайата районундагы Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 11-март күнү өтүп, ага үч жүзгө жакын адам катышты. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей Бакайата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну Кыргызбай Култаевди ички иштер министрлигинин полковниги Тимур Мадалиев жетектеген оперативдик тобу 10-март күнү кармап Бишкекке алып кетишкен. Нааразылык акциясына келишкендер Талас-Жамбул автожолун тосуу аракетин жасашты. Бирок милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен автожол кайрадан ачылды. Адам укугу боюнча Кыргыз комитетинин өкүлү Ырыскелди Мамбетовдун пикиринде, Кыргызбай Култаевди эч кандай негиздүү документтери жок эле Бишкекке түрмөгө алып кетүү Кыргызстанда адам укугун одоно бузуунун дагы бир фактысы, экинчиден, милициянын бул аракетин Равшан Жээнбековго бийликтин бут тосуусу деп баалоого болот.

XS
SM
MD
LG