Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

«Эл биримдигин» колдоочу уюмдар түзүлүүдө


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылы 10-мартта түзгөн «Кыргызстан эл биримдиги» координациялык кеңешин колдоо үчүн №66 Аксуу шайлоо округунда «Эл уюму» деген уюм түзүлдү. Мындай маалымат уюмдун өкүлү Сапар Аргынбаевден алынды. Анын билдирүүсү боюнча, шайлоонун биринчи айлампасынын мыйзам бузуулар менен өткөндүгүнө нааразылык билдирип жана экинчи турдун адилет өтүшүн талап кылышып, 11-мартта 250дөн ашык адам Беловодск шаарчасында жыйын өткөрүшүп, Бишкекке кетчү жолду тосуп турушту. Уюмдан алынган маалыматка караганда, шайлоочулар нааразылык акцияларын мындан ары күнүгө улантуу чечимине келишти. Ал эми 11-мартта түштөн кийин Нарын облусунун 30дан ашык тургуну Бишкекти карай жөө жүрүшкө чыгышты. Алар менен кошо келаткан Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун билдирүүсү боюнча, жөө жүрүш президентти кызматтан кетирүү жана «Азаттык» радиосун мурдагы калыбында элге уктуруу талабы менен башталды.

XS
SM
MD
LG