Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Ирандын маселеси Коопсуздук кеңешинде каралышы ыктымал


ЛОНДОН. Улуу Британия, Германия жана Франция эгерде Иран уран байытуу иштерин кайрадан жанданта турган болсо, Ирандын ядролук программасы жөнүндөгү маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кароосуна өткөрүп берүүнү колдоп жатышат. Аталган үч өлкө Иранды ядролук программасынан баш тартууга көндүрүү үчүн декабрь айынан бери аракеттенип келатышат.
Анын аралыгында Американын «Нью-Йорк Таймс» жана «Вашингтон Пост» гезиттери АКШ менен Еврошаркет Ирандын ядролук программасына байланышкан маселеде орток позицияга келишти, деп маалымдашты. Ага ылайык АКШ Иранга ченемдүү өлчөмдө жардам берүүгө макул, ага жооп иретинде Иран уранды байытууну толугу менен токтотушу керек.

XS
SM
MD
LG