Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Испания былтыркы 11-марттын курмандыктарын эскерип жатышат


МАДРИД. Испанияда былтыркы 11-марттагы террордук чабуулда курман болгондорду эскерип жатышат. 2004-жылы Мадриддин темир жол вокзалында болгон жардыруулардан 191 киши курман болуп, 2000дей киши жаракат алган. Бүгүн эртең менен былтыркы жардыруу болгон саамда Испаниянын 600 чиркөөсүндө коңгуроолор кагылды. Чак түштө болсо испандар курман болгондорду беш мүнөт тунжуроо менен эскеришти. Удаасы менен болгон 10 жардыруунун алгачкысы эртең мененки саат 7:37де болгон эле. 11-марттагы террордук чабуул Европанын тарыхындагы 1988-жылы "Панамерикан" компаниясынын учагында жасалган жардыруудан кийинки эле эң кандуу кол салуу болуп калды.

XS
SM
MD
LG