Гужарат штатындагы бул коноо маршты Махатма Гандинин небереси Тушар Ганди баштап баратат. Жүрүшкө кошулгандар 380 чакырым аралыкты басып өтүшү керек. Мындан 75 жыл илгери британ оторчуларынын туз өндүрүшүндөгү монополиясына каршы нааразылык билдирип, мындай жүрүштү биринчи ирет Махатма Ганди уюштурган эле. Кийин ал салтка айланып кеткен.