Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Ырасмий Минск Европарламенттин резолюциясын сынга алды


Резолюцияда белорус бийликтерине оппозициялык лидерлердин бири Михаил Мариничти түрмөдөн бошотуу талабы айтылган эле. Кечээ Маринич микроинсульт абалында ооруканага которулган эле. Евросоюздун өкүлдөрү билдирген кабарларга ылайык, Мариничке медициналык зарыл жардам көрсөтүлгөн эмес. Европарламенттин резолюциясында Белоруссияда ың-жыңсыз жок болуп кеткен бир катар оппозициялык саясатчылардын иштерин бейтарап негизде териштирип чыгуу талабы да коюлган. Документти белорус бийликтери суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети деп атады.

XS
SM
MD
LG