Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:54

Иран АКШнын сунушун четке какты


Эч кандай кысым, экономикалык сарпай же ормон опуза ядролук технологияларды тынчтык максаттарга пайдалануу мүдөөсүнөн Иранды айныта албайт, деп билдирди тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асафи. Ал ошону менен бирге ядролук курал жасабай тургандыгына Тегеран кепилдик бере аларын да бышыктады. Кечээ АКШ Тегеран ядролук программасынан баш тартса, Ирандын бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна киришине каршылык кылбай тургандыгын ырастаган эле. Президент Жорж Буш муну менен Британиянын, Германиянын жана Франциянын дипломатиялык аракеттерине колдоо көрсөтүүнү чечти. Европалык досторубуз менен бир апазда сүйлөп жатканыбызга курсантмын, деп айтты Буш. Ирандын атомдук куралы болушун эркин дүйнө каалабайт, муну түшүнгөнгө Тегеран режимин АКШ союздаштары менен мажбур кылат, деп кошумчалады Буш.

XS
SM
MD
LG