Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

АКШ ИРАНГА ЭКОНОМИКАЛЫК ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ УБАДА КЫЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Уктуруубузду эл аралык темалар менен улантабыз. Америка Кошмо Штаттары Ирандан уран байытууну токтотууну талап кылып, ага жооп иретинде Иранга азыноолак экономикалык жеңилдиктерди бергенге убада кылды. Бирок Иран андай жеңилдиктерге алымсынбаарын баса белгилеп, бул сунушту четке какты.

Буга чейин Тегеранга экономикалык жеңилдиктерди берүүнү аны менен өлкөнүн ядролук программасын токтотуу жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Европа өлкөлөрү сунуш кылып келишкен эле. Эми андай сунушка Кошмо Штаттар да кошулуп, эгерде Иран уран байытуудан толук баш тартса, ага экономикалык жеңилдиктерди берүүнү убада кылып жатат. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс анын өлкөсү Иранга каратылган саясатын өзгөртүп, бир аз экономикалык жеңилдик бермекчи болуп жатканын мындайча билдирди.

- Биз Ирандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү арызына жолтоо болбогонго аракеттенмекчибиз. Ошону менен катар эле Ирандын аба унаалардын тетиктерин сатып алуусуна да каршы болбойбуз. Бул биздин Европанын дипломатиялык аракеттерине кошкон салымыбыз болмокчу, - деди Райс.

Буга чейин АКШ Эгерде Иран уранды байытуунун үстүнөн иштегенди токтотпосо, Ирандын ядролук программасы жөнүндөгү маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин талкуусуна койууну талап кылып келаткан эле. 11-мартта АКШнын таасирдүү "Нью-Йорк Таймс" жана "Вашингтон Пост" деген гезиттери АКШ менен Еврошаркет Иран боюнча орток стратегияны иштеп чыгышканын жазып чыгышты. Ошол эле басылмаларда эгерде Иран менен жүргүзүлүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн эч кандай натыйжа чыкпай турган болсо, бул маселени Коопсуздук кеңешинин кароосуна койууга макул болушканы белгиленет. АКШнын президенти Жорж Буш Европа менен бирдиктү позиция табылганына курсант болуп турганын жашырбай буларды айтты:

- Мен биздин үнүбүз Европадагы жолдошторубуз менен бир авазга кошулганына курсант болуп турам. Ирандагы режимдин ядролук куралга ээ болгонуна эркин дүйнө чыдап, карап тура албасын Тегеранга Eвропадагы досторубуз менен бирдикте ачык-айкын түшүндүрөрүбүзгө кубанам, - деди Буш.

Бирок Ирандын сүйлөшүүлөргө катышып жаткан өкүлү АКШнын сунушун "айтууга арзыбай турган" сунуш катары сыпаттап, четке какты. Тегеран АКШнын "ядролук куралдарды жасап чыгарганга тымызын аракет кылууда" деген айыптоолорун төгүнгө чыгарып, анын ядролук программасы өлкөнүн энергияга болгон муктаждыгын канагаттандырууну гана көздөгөн "тынч' программа экенин кайталап келатат. Ирандын тышкы иштер министринин өкүлү Хамид Реза Азефи болсо анын өлкөсү атомдук программанын үстүнөн иштөөнү улантууга "чечкиндүү" болуп турганын билдирди.

Германия, Франция жана Британия Иранды ядролук программасынан баш тартууга көндүрүүнү көздөгөн сүйлөшүүлөрдө болоор-болбос эле жылыш бар экенин, бирок маселени дипломатия жолу менен жөнгө салуу али мүмкүн экенин белгелешет.

XS
SM
MD
LG