Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ошто нааразылык акциясы улантылууда


ОШ. Бул жөнүндө бүгүн «Азаттык» радиосуна билдирген президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү боюнча нааразылык акциясынын Ош облустук штабынын башчысы Дүйшөнкул Чотонов үч күндүн ичинде ар кандай тоскоолдуктарга карабастан Карасуудан, Өзгөндөн үч жүзгө жакын адам келип кошулгандыгын маалымдады. Эске сала кетүүчү жагдай Нариман шайлоо округу боюнча депутаттык орун үчүн ат салышып өтпөй калган Анвар Артыковду колдогон жүзгө жакын өзбек улутундагы атуулдар да эки күндөн бери Акаевди кетирүү боюнча нааразылык акциясына катышууда. Бүгүн нааразылык акциясынын катышуучулары Ош облустук мамлекеттик акимчилигинде иштеп жаткан вице-премьер министр Жумалиевдин эл алдына чыгуусун жана губернатордун 11-март күнү айткан убадаларынын жыйынтыгын талап кылышты. Тилекке каршы аталган бийлик өкүлдөрү эл алдына чыгышып, элдин койгон талаптары боюнча тиешелүү жоопторун бере алышкан жок.

XS
SM
MD
LG