Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Жалалабаддагы нааразылык акциясы шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылууда


ЖАЛАЛАБАД. Облустук бийликтин алдына 4-марттан бери президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылуу менен токтобой жаткан митинг 13-марттагы парламенттик шайлоону уюштурууга тоскоолдук кылууда. Бийлик имаратын митингчилер ээлеп алгандыгына байланыштуу облустук шайлоо комиссиясы башка жайда иштөөгө мажбур. Мындай пикирин билдирген облустук шайлоо комиссисынын төрагасы Нурмамат Ашымовдон алынган маалымат боюнча, 264 участкада шайлоо өтүүчү тогуз аймактагы шайлоого экинчи турга чыккан 18 талапкер катышат.

XS
SM
MD
LG