Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Бакиевдин ишенимдүү өкүлүнүн арызы канааттандырылган жок


БИШКЕК. 12-мартта Тогузторо райондук сотунда судья Жумалы Койгелдиев талапкер Курманбек Бакиевдин ишенимдүү өкүлү Дөөлөт Нусуповдун арызын карап, канааттандырган жок. Арызда Нусупов экинчи талапкер Сайдулла Нышанов тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы, тактап айтканда видеокамерага тартылган электр энергиясы, коммуналдык кызмат үчүн акыларды жоюп, төлөп берүү фактысы көрсөтүлгөн. Нусуповдун айтымында,эми арыз Жогорку Сотко жолдонмокчу. 12-мартта Атбашы райондук сотунда Накен Касиевдин арызы каралып, сот чечимин чыгаруу дүйшөмбү күнгө калтырылды. Бул тууралуу Атбашыдан Касиевдин ишенимдүү өкүлү Жедигер Саалаев билдирди. Анын айтымында, сот учурунда 30дан ашуун күбө суралып, шайлоочуларды сатып алуу фактылары келтирилди.

XS
SM
MD
LG