Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Бишкекте сотто Турдакун Усубалиевдин арызы каралууда


Бишкек. 12-мартта Бишкектин 1-май райондук соту №34 шайлоо округунан депутаттыка талапкер Турдакун Усубалиевдин арызын кароону улантты. Судья Бекболот Жаңыбаевдин төрагалыгында өткөн сот жараянына Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, бул округдан өз талапкерлигин көрсөткөн Акылбек Жапаров, Турдакун Усубалиевдин адвокаты жана эки талапкердин жактоочулары катышты. 11-мартта түнкү саат үчкө жакын Бишкекке Акылбек Жапаровдун жөө жүрүш жасап келген 300гө жакын тарапкерлери сот имаратынын алдында турушту. Акылбек Жапаров сотто анын талапкерлиги соттун чечими менен мыйзамсыз алынып салынгандыгын белгилеп, судьядан акыйкат чечим чыгарууну өтүндү. Турдакун Усубалиевдин 27-февралдагы Кочкор округунда шайлоо өттү деп таанып, ага депутаттык мандатты берүү боюнча арызын кароо 14-мартта улантылат. Бул округдагы шайлоодо шайлоочулардын 62 пайызы талапкерлерге каршы добуш бергендигине байланыштуу, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

XS
SM
MD
LG