Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

13-мартта шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт


БИШКЕК. 13-мартта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Маалымат боюнча, 39 шайлоо округунда шайлоонун экинчи туру, ал эми №75 Тоң шайлоо округунда биринчи тур өткөрүлөт. Ал эми №59 Чүй шайлоо округунда экинчи турдун качан болоору белгисиз. Анткени 27-февралдагы шайлоодо экинчи турган чыккан Туратбек Андашевдин катталуусу 11-мартта жокко чыгарылган. Ошондуктан Чүй округунда экинчи турдун качан болоору азырынча белгисиз, деп кабарлашты Борбордук шайлоо комиссиясынан. 27-февралда биринчи турда 32 депутат жеңишке жетишкен. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шайлоонун экинчи турун өткөрүүгө толук даярдык бар. Ага 1 миллион 560 миң шайлоочунун катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG