Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Бириккен Улуттардын элчиси Ливандан Сирия аскерлеринин чыгарылыш тартибин жарыялады


Сириянын президенти Коопсуздук Кеңешинин 1559-резолюциясына ылайык Ливандагы бардык аскерлерин жана чалгын кызматкерлерин алып кетүүгө сөз берди. Сириялык аскерлер эки баскычта чыгарылат, - деди БУУнун өкүлү Терйе Роес-Ларсен. Роес-Ларсен кечээ Алеппо шаарында Сириянын президенти Башар ал-Ассад менен жолукту. Анын айтымында, биринчи баскычта бардык сириялык аскерлер март айынын аягына чейин Ливандын чыгышындагы өрөөнгө которулат, экинчи баскычта бардыгы Сирияга чыгарылат. Бул баскычтын мөөнөтү кабарланган жок.

XS
SM
MD
LG