Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:25

Ош обласында шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болду


ОШ. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын аймактык өкүлчүлүгү Ош облусунда шайлоолор одоно мыйзам бузуулар менен өтүп жатат деген билдирүү таркатты. Коалициянын аймактык координатору Руслан Ташанов парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүп жаткан бир катар чөлкөмдөрдө одоно мыйзам бузууларга жол берилип жаткандыгын жанагы нерселерди каттоого алып жаткан коалициянын атынан жөнөтүлгөн байкоочулар ар кандай коркутуу, үркүтүүлөргө дуушар болушкандыгын кабарлады. Ал эми Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматөмүров шайлоо негизинен тынч өтүп жаткандыгын айтып, түшкү саат экиге карата облус боюнча шайлоочулардын 23 пайыздан ашууну добуш бергендигин билдирди.
XS
SM
MD
LG