Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Cот Турдакун Усубалиевдин арызын кароону улантат


Бишкек. 14-мартта Бишкектин 1-май райондук соту №34 Кочкор шайлоо округунан депутаттыка талапкер Турдакун Усубалиевдин арызын кароону улантат. Турдакун Усубалиев сотко 27-февралда Кочкор округунда болгон шайлоо өттү деп таанып, ага депутаттык мандатты берүү боюнча арызын жолдогон. Ал эми шайлоодон талапкерлиги сот чечими менен алынып салынган Акылбек Жапаровдун жактоочулары эгерде сот адилетсиз чечимин чыгарса, Кочкордон 1000ге жакын адам Бишкекке кайрадан жөө жүрүш кылып келишээрин билдиришти. Кочкор шайлоо округунда өткөн шайлоодо шайлоочулардын 62 пайызы талапкерлердин баарына каршы добуш бергендигине байланыштуу шайлоо өткөн жок деп таанылган. Шайлоо кодексине ылайык, шайлоо өткөн жок деп табылган округдардагы шайлоонун экинчи айлампасына мурдагы талапкерлер катыша албайт.

XS
SM
MD
LG