Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Бишкекте нааразылык акциясы өттү


БИШКЕК. 13-мартта Бишкекте Жогорку соттун имаратынын алдына №59 Чүй шайлоо округунан парламентке депутаттыгын койгон Туратбек Андашевдин 200гө жакын жактоочусу нааразылык акцияга чыкты. Алар Андашевдин талапкерлигин кайра калыбына келтирүүнү талап кылышты. Шайлоонун биринчи айлампасында Чүй шайлоо округу боюнча эки талапкер – Туратбек Андашев жана Айдарбек Керимкулов шайлоочулардын көпчүлүк добуштарына ээ болуп, экинчи айлампага чыгышкан. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча үчүнчү орунга талапкер Руслан Шаботоев ээ болгон. Ал Андашев шайлоо өнөктүгү учурунда добуштарды сатып алган деген арызын сотко жолдоп, анын негизинде сот Андашевди талапкерликтен четтеткен. Бул аймактык округда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы 20-мартта өтөт жана ага Керимкулов менен Шаботоев катышат.

XS
SM
MD
LG