Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ ПИКИРЛЕР


13-мартта Кыргызстанда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы болду. Шайлоо 40 округда өтүп, анда депутаттык орун үчүн 80 талапкер ат салышты. Айрым пикирлер боюнча мыйзам бузуулар көп катталды, башка бир байкоочулар болсо добуш берүү мыйзам чегинде өттү дешет.

Өлкөдөгү 39 округда өткөн шайлоонун экинчи айлампасына жана биринчи ирет шайлоо болгон №75 Тоң шайлоо округундагы добуш берүүгө чет өлкөлүк 200гө жакын жана жергиликтүү 10 миңден ашык байкоочу көз салды.

Жергиликтүү жамааттар конгрессинин байкоо салган 850 өкүлүнүн баамында бул жолу шайлоонун сапаты жакшы болуп, одоно мыйзам бузуулар байкалган жок. Ал тууралуу конгресстин президенти Курманбек Дыйканбаев мындай дейт:

- Шайлоо тынч, ачык-айкын өттү. Себеби биз добуш берүүдөн кийин дароо шайлоочулар менен сурамжылоо жүргүздүк. Анын биринчи суроосу «Шайлоо кандай өттү?» деген суроо болду. Ага жооп берген шайлоочулардын көбү шайлоо таза, ачык-айкын жана демократиялуу өттү деп айтышты. Андан тышкары биринчи айлампада байкалган көп кемчиликтер бул жолу кайталанган жок. Маселен, биринчи добуш берүүнүн башында адамдар кезекке көп туруп, айрымдары күтпөй кетип калган болсо бул жолу комиссиянын бир-экиден мүчөлөрү каттоого алып, бармакка белги коюучулар дагы тез иштеп, кезек күтүү көп болгон жок. Ошого карабастан кээ бир округдардагы комиссиялар байкоочуларды киргизбей, каттодон өтүү керек дешип тоскоолдук кылышты. Ал мыйзам бузуулар дароо жөнгө салынды. Андан тышкары сыртта анча –мынча кемчиликтер болуп, шайлоочуларды ташуу болду. Бирок жалпысынан шайлоо ачык-айкын өттү.

Ал эми шайлоону адилет өткөрүү максаты менен түзүлгөн «Кыргызстан элдик кыймылынын» мүчөсү Виктор Черноморецтин айтымында, бул жолу мыйзам бузуу мурдагы добуш берүүгө караганда көп жана ачык болду. Анын айтымында, аны кыймыл ачкан «Түз байланыш» телефонуна кайрылган катардагы атуулдардын даттануулары айгинелейт:

- Бардык жерде шайлоочулардын добушун сатып алуу ачык жүрдү. Бийлик парламентте көп орун алууну көздөгөн дымагы менен каалоосун такыр эле жашырган жок. Ошон үчүн колунан келген бардык амалдар менен өзүлөрүнө жакын талапкерлерди түрттү. Биздин «Түз байланыш» телефонубузга Бишкектин эле тургундары телефон чалышып, кечээ КООРТ телеканалы ушул округ боюнча талапкер Болот Мариповдун адамдык абийирине шек келтирген маалымат берилгендиги үчүн кыжырдануусун билдиришти.

Шайлоочулардын добушун сатып алуу көрүнүшү бул жолу абдан ачык болгондугун буга чейин аткаруу бийлигинде иштеп жүрүп, №55 Бакайата шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышкан Равшан Жээнбеков добуш берүү аяктагандан кийин ырастады:

-Кайдагы таза шайлоо? Бизде бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен ар бир адамга 1000 сомго чейин акча ачыктан-ачык таратышты. Арак суудай акты. Добуш берүү бардык жерде укук бузуулар менен өттү. Биз алардын баарын тизмектеп жатабыз. Бийлигибиздин өзү ушинтип кылмыштуу мыйзам бузууга бара турган болсо, анда айтаар сөз жок. Менин оюмча, бийлик каалабаган, депутаттыкка өткөргүсү келбеген талапкерлер бар. Биздин округда мен ошондой талапкерлердин катарына кирдим окшойт. Биздин округубуз боюнча, акылга сыйбаган көрүнүштөр болду…

Равшан Жээнбеков добуш берүү аяктагандан кийин бир катар шайлоо участкаларында жарык өчүрүлүп, добуштарды саноого тоскоолдук жасалып жаткандыгын да кошумчалады:

- Мен жакшы добуш ала турган участкалардын бардыгында электр кубаты өчүрүлүп жатат. Демек, жыйынтык кандай болоруна көзүм жетпей турат. Мунун бардыгы атайылап жасалып жатат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча, мыйзам бузуулар тууралуу азырынча жыйынтыктуу маалымат берүү эртелик кылат жана комиссияга түшкөн арыз-даттануулардын баарын атайын жумушчу топ кылдат иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG