Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

С.ИМАНБАЕВДИН ПИКИРИНДЕ ШАЙЛОО МУРДАГЫЛАРЫНАН ДА АЧЫК, КАЛЫС ӨТТҮ


14-мартта жекшемби күнү болгон парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыгы чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин пикиринде шайлоо мурдагыларына салыштырганда ачык жана калыс болду. «Айрым мыйзам бузуулар шайлоонун адилет өтүшүнө терс таасирин тийгизе албайт», - деп кошумчалады төрага.

Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен Кыргызстандын 75 депутаттан турган бир палаталуу парламентинин 71 депутаты шайланды. №33 Нарын жана №59 Чүй округдарында экинчи айлампа 20-мартта болот. Ал эми 13-мартта шайлоочуларынын 67 проценти бардык талапкерлерге каршы добуш берген №75 Тоң шайлоо округу менен 27-февралда шайлоо өткөн жок деп табылган №34 Кочкор шайлоо округдарында добуш берүү күнүн БШК алдыдагы бир айдын ичинде аныктайт. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы болсо алдыдагы үч күндүн ичинде чыгарылып, ага нааразы болгон тараптар андан кийинки 10 күндүн ичинде тиешелүү мекемелерге арызданууга акылуу.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоо ачык, калыс жана демократиялуу өттү деген бүтүмгө келди. Ал тууралуу төрага Сулайман Иманбаев мындай деди:

- Биздин баабыз боюнча шайлоону уюштуруу, добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептеп чыгаруу ачык-айкын жана мыйзам чегинде болду. Кээ бир эле кемчиликтер болбосо тигил же бул округдагы жыйынтыкка таасир бере ала тургандай мыйзам бузуулар болгон жок.

БШКнын бүтүмү боюнча, административдик басым жана мыйзам бузуулар болбой койгон жок, бирок алар жалпы шайлоонун жүрүшүнө таасир тийгизди деп айтууга болбойт. Сулайман Иманбаевдин айтымында, мыйзам бузуулардын баары талапкерлер тарабынан жасалды:

- Тилекке каршы, шайлоодогу мыйзам бузууну, шайлоонун тартибин бузууну «келечекте мен депутат болом, Жогорку Кеңешке барып эл үчүн мыйзам чыгарам» деп аракет кылган талапкерлер жана алардын командалары жасайт. Ошолордун аракетинен ар кандай мыйзам бузуулар болду.

Добуш берүүдөн кийин пайда болгон пикет, митинг, жүрүштөрдү БШК төрагасы сынга алып, аны эгемен Кыргызстандын ушул кезге чейин жетип калган демократиялык сересинен кайра артка тоголонуу деп баалады.

Ал эми саясат иликтөөчү Карыбек Байбосунов жаңы парламент коомдук парламент болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт:

- Бул парламент бийликтин көзүн карабай, президентке кылчактабай жана оппозицияга алаксыбай иштей турган өз алдынча парламент болууга жөндөмү бар. Себеби булардын ар биринин өз үнү, ар биринин артында кландык уюмдары, топтогон акча байлыктары бар экен. Ошого негизденип бул адамдар өз алдынча саясат жүргүзүп кетүүгө жөндөмдүү парламентке айланып кетиши ыктымал. Бийликтин көзүн карагандар, албетте, аз. Бирок бийликке жан тартуулары мүмкүн. Ошон үчүн бул парламент жаңы типтеги коомдук парламент болуп калышы мүмкүн.

Ал эми көпчүлүк талапкерлер БШКнын мындай баасына макул эмес. Маселен, №25 Караүнкүр шайлоо округунан талапкер болгон Курманбек Бакиевдин жактоочулары административдик ресурс мурда болуп көрбөгөндөй пайдаланылды, өнөктүк мыйзамсыз өттү деген бүтүмгө келишкен. Ал тууралуу «Асаба» партиясынын Тогузторо районундагы добуш берүүгө көз салган мүчөсү Дөөлөт Нусупов телефон аркылуу буларды айтты:

-Себеби, административдик ресурс катуу пайдаланылып, элдин добушунун баарын 200 сомдук баага сатып алышты. Бул жерде турак-жай уюму деген бар экен. Ошол уюмга 1 миллион сомдук акчаны которуп берип, 110 квартиранын карызын кечти. Мындан башка элдин электр энергиясына 3 миллион сомдук карызын да жоюшту. Ушундай ыплас иштин негизинде шайлоонун жыйынтыгы С.Нышановдун эсебине чечилди.

Курманбек Бакиевдин жактоочуларынын бири Максат Субанбеков эл аким, айыл башчыларынын шайлоочуларга басым көрсөткөнү тууралуу маалыматтар бийлик жетекчилерине жөнөтүшкөнү менен ага жооп болбогондугун билдирди:

-Бул жердеги элдин кайрылуулары жазылган каттар Ак үйдөгү бийликтин президент Аскар Акаев баш болгон өкүлдөрүнө, БШК төрагасы Сулайман Иманбаевге канча жолу жөнөтүлдү? Эч нерсе чечилген жок. Бүгүн эртең менен телевизорду карап отурсак Иманбаев «андай арыз-даттануулар келген жок» дейт. Анан акыйкаттык деген кайда экенин билбей калдык. Тиякта бөлөкчө сүйлөнөт, иш жүзүндө 100 процент башка.

Байкоочулардын баамында жаңы парламентке шайланган депутаттардын 19у «Алга, Кыргызстан», алтоо «Адилет» партиясынын өкүлдөрү. Алардын алдын-ала эсептөөсү боюнча, азыркы бийликти жактагандардын саны 26, бейтарап көз караштагылардын саны 4, саясий багыты белгисиз депутаттардын саны 11 жана оппозициячыл маанайдагылар 5 болушу мүмкүн. Байкоочулар ушундан улам жаңы парламент бийликтин мүдөөсүн жактаган парламент болот деген бүтүмгө келип жатышат.

XS
SM
MD
LG