Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Көчкүдөн бир киши набыт болду

БИШКЕК. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Жалалабат облустук граждандык коргонуу тармагы тараткан маалыматка караганда, 13-мартта Алабука-Чаткал жолундагы кар көчкүдөн жүк ташуучу ГАЗ 66 автоунаанын жүргүнчүсү набыт болуп, айдоочусу жаракат алды. Алынган маалыматка караганда, 1-январдан бери Кыргызстан аймагында 8 киши кар алдында калып набыт болушту. Учурда Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт автожолунда көчкүгө каршы чаралар жүрүп жатат.
XS
SM
MD
LG