Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Баткенде нааразылык акциясы өткөрүлдү


БАТКЕН. Чогулган эл 13-мартта өткөн шайлоо добуштарды сатып алуу, шайлоочуларды ташуу сыяктуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышып, Баткенде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен облустук бийликтин имаратынын алдында нааразылык иш чараларын уюштурарын билдиришти. Ал эми белгилүү саясатчылар Досбол Нур уулу менен Ташболот Балтабаев мындай иштерди уюштуруунун жол-жоболорун түшүндүрүп, элди шашылбай турууга чакырды. Ушул эле жыйында Эл биримдиги координациялык кеңешинин облустук бөлүмү түзүлүп, анын башчылыгына Айымкан Амираева шайланды жана 15-мартта Жалалабатта өтө турган элдик курултайга он делегат шайланды. Чогулган элдин бир тобу ушул эле күнү түштөн кийин облустук акимчиликтин алдына келишип, шайлоонун калыс өтпөгөнүнө нааразылык билдирүү менен облустук бийликке кайрылуу жолдоду. Алардын айрым өкүлдөрү менен облус губернаторунун орунбасары Шадыбек Бакыбеков жолугушуп, кайрылган арызга үч күн ичинде жооп берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG