Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму: шайлоо таза эмес өттү


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо акыйкатсыз, эркин эмес, чынчыл эмес, таза эмес өттү жана Кыргызстан эларалык уюмдар алдында берген убадасын аткара албай калды. Мындай тыянакты өз байкоолорунун негизинде «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму чыгарды. Уюм мындай тыянакты шайлоочулардын тизмесинин толук эместиги, мыйзамсыз үгүттөө, элди автоунаа менен ташуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн чектөө, бийлик ресурстарын пайдалануу өндүү жагдайлар менен негиздеген. Бейөкмөт уюмдун баамында шайлоодо шайлоо комиссиясы калыстыгын көрсөткөн жок. Буга мисал катары талапкер Бермет Акаеванын жеңгендиги, Курманбек Бакиевдин жеңилгендиги добуш эсептелип бүтө электе жарыяланышын келтирилген. Уюм отчетун толугу менен жакынкы күндөрү жарыялайт.

XS
SM
MD
LG