Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Тоңдо шайлоо кайра өткөрүлөт


БИШКЕК. № 75 Тоң округунда шайлоонун жыйынтыгы ырасмий таанылган жок. Борбор шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 13-мартта Тоңдо 67,15% шайлоочу депутаттыкка ат салышкан талапкерлердин баарына тең каршы добуш беришкен. Буга байланыштуу Тоң шайлоо округунда бир айдын аралыгында кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Тоң райондук соту талапкер Арслан Малиевди үгүт өнөктүгү мезгилинде мыйзам бузууларга барган деген айып менен шайлоодон четтеткен. Райондук соттун мындай чечимине нааразы болгон Арслан Малиевдин жактоочулары элди аталган округдан ат салышкан бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG