Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Бейрутта Сирияга каршы демонстрацияга бир нече жүз миң адам жыйналды


Кабарчылардын баамында көчөгө чыккандардын саны Сирияны колдогон кечээги демонстрациянын катышуучуларынан көп. Бул нааразылык иш -чарасы өлкөнүн мурдагы премьер- министри Рафик Харири киши колдуу болгонунун бир жылдыгына тушташ өткөрүлдү. Ливандыктардын көпчүлүгү Хариринин өлүмүн коңшу Сириядан көрөт. Дамаск болсо ага тиешеси жок экенин дембе-дем айтып келүүдө. Сирияга эл аралык да кысым көргөзүлгөндүктөн ал Ливандагы аскерлери менен чалгынчыларын чыгарып кетээрин буга чейин эле жарыялаган, бирок аскерлер биртоло чыгып кетүүчү мөөнөттү айта элек.

XS
SM
MD
LG