Алар өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шийилер менен коалициялык өкмөт куроо боюнча талкуусун улантышат. Жаңы парламент ушул аптанын экинчи жарымында ишке киришүүдө. Анын аралыгында Ирактан голландиялык аскерлер чыгарылып кетти. Коомчулуктун кысымы менен Голланд өкмөтү, АКШ менен Британиянын каршылыгына карабастан, өткөн ноябрда аскер чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган эле. Кечээ 160 аскер Голландияга кайтты. Буга чейин 400 аскер алынып кеткен. Калган 800ү апрелдин орто ченинде чыгарылат.