Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

«Азаттык» радиосун колдоочулардын колу топтолду

БИШКЕК. «Азаттык» радиосу Кыргызстандын аймагында кайра уктурулуусун талап кылган кайрылууга 4 миңге чукул атуул кол койду. Аны «Азаттык» радиосун колдоо демилгелүү тобунун өкүлдөрү өлкөнүн Ысыккөл, Талас, Жалалабат, Ош жана Баткен облустарынан чогултушту. Демилгелүү топ «Кыргызстандагы сөз эркиндиги» деген тема алдында 3-мартта өткөн форумда кабыл алынган чечимдин негизинде түзүлгөн. Кайрылуу эми АКШнын Конгрессине, АКШнын Кыргызстандагы элчилигине, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө жана кыргыз өкмөтүнө жолдонот.
XS
SM
MD
LG