Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Жөө жүрүшчүлөр Бишкекке келишти, арасында Турсунбек Акун жок


БИШКЕК. №33 Нарын шайлоо округундагы талапкер Ишенбай Кадырбековду жактап, Нарындан Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыккан беш аял 15-мартта борборго келишти. Алардын бири Жумагүл Мамытбекованын айтымында, алар азыркы бийликтин кетишин жана акыйкаттыкты талап кылып өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкканы жатышат. Андан тышкары алар президентке, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтерине, Башкы прокурорго, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө шайлоо акыйкат өтпөгөндүгүн жана эл каалаган атуулдардын депутат болушун талап кылып жатышкандыгын жарыя кылышты. Шайлоонун биринчи айлампасынан кийин нааразы болгон атуулдардын 30дай өкүлү Нарын шаарынан 11-мартта Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан. Алардын айтымында, тартип коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү 13-мартта Нарын районунун Оттук жана Карачий айылдарынын жанынан тосуп, шаарга кайрышып, алар менен келаткан Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунду алып кетишкен. Жөө жүрүшчүлөрдүн Бишкекке жеткен беш өкүлү эми укук коргоочунун дайынын билдирүүнү талап кылып жатышат. Ал эми Турсунбек Акундун иниси укук коргочу 13-марттан бери дайынсыз экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG