Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

АРМАНДУУ “АКШАМ” ЫРЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Түркиянын белгилүү эстрада ырчысы Мурат Кекили Бишкекке чыгармачылык сапар менен келди. Анын “Акшам” аттуу чыгармасы кыргыз жаштарынын да сүйүктүү ырына айланган. Мурат Кекили “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде ата-бабасынын жери Алатоого алгачкы ирет келгенин билдирди.

Түркиялык композитор жана ырчы Мурат Кекилинин «Акшам» же кыргызча “Кеч” деген аталыштагы обондуу ыры, учурда Борборазия угармандарына «Тутамас», кыргызча котормосу «Туталбас» деген аталышта кеңири белгилүү болгон чыгарма.

Бул ырдын кыскача мазмунуна кайрылсак, анда махабаттын торуна чалдыккан улан арзыган сүйгөнүнө жете албай жарык дүйнө менен коштошоор алдында, ашыгына кат жазып, «Бул кечте жаным кыям, мени эч ким тута албайт, көз ирмемдей кайкып өтөм, мени эми сенин көздөрүң да токтото албайт», деген саптарды ак баракка калтырып жан таслим болот. Ырда таза сүйүүгө жетиш үчүн ажал да коркута албайт деген маани жатат.

Бул «Акшамдын» автору Мурат Кекили Европага таанылып келаткан ырчы экени маалымат каражаттарында байма-бай айтылып келет. Ал ата бабасынын киндик каны тамган Алатоо жергесине алгачкы ирет келгенине куштарланып турганын жашыра алган жок:

- Мен Борборазияга, анын ичинен Кыргызстанга биринчи ирет келип жатам. Бул чөлкөм тууралуу тарых барактарынан окуп тааныштыгым бар. Биринчи жолу ата-бабамдын жерине келип отурам. Кыргызстан мага абдан жакты.

Мурат консерваториядан окуп билим алган экен. Ал Европанын чоң шаарларында жеке концертин тартуулап келиптир. Америка Кошмо Штаттарына барууну келечекте максат кылган. Азыр жаштар арасында абдан белгилүү болуп бараткан «Акшам» («Тутамас») аттуу ырынын сөзүн Адана институтунда окуган Мураттын досу жазган:

- “Акшам” ырынын сөзүн Адана университетинде окуган досум жазган. Бул чыгарманы сүйүү тууралуу баян десек да болот.

Мураттын 5-6 чыгармасына Түркияда уктурулганга жана сыналгыдан көргөзүүгө тыйуу салыныптыр. Анткени анын «Акшам» деген ырын угуп алып 213 улан-кыз өз жандарын кыйууга баргандыгын Түркия полициясы билдирген.

- Өз жанын кыйган 213 адамдын көпчүлүгү менин ырымды угуп, жашоодон кечкенин тил катта жазып кетишиптир. Мен буга ишене берген жокмун- деди Мурат Кекили. Анын айтымында, ырларына полиция канчалык тыйуу салып, кысым көрсөткөн сайын, анын атагы алыска тарап жатат.

«Түркиядагы жаштардын өз жанын кыйган окуя Кыргызстанла да кайталанбайбы?» - деп суроо узаттым.

- Бул жерде андай окуя кайталанбайт. Анткени менин ырларым бир топ убакыттан бери Кыргызстанда ырдалып жүрүптүр. Менин ырым болгону сүйүү тууралуу, махабат арманы тууралуу.

Сүрөттө: Мурат Кекили.
XS
SM
MD
LG