Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Кошмо Штаттары Кыргызстандагы шайлоону сынга алды


АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Эдам Эрелинин сөзү боюнча, Кыргызстандагы шайлоо эларалык стандарттарга жооп бербейт деген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баасына Кошмо Штаттары да кошулат.

- Парламентте өкмөтчүл депутаттар басымдуу көпчүлүккө ээ болоору анык болуп калды. Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмунун алдын ала баасы боюнча, шайлоонун экинчи айлампасында олуттуу кемчиликтер орун алды. Бул баага биз да кошулабыз, - деди Мамдепартаменттин өкүлү.

Эрели ошондой эле "Кыргызстандын өкмөтү ЕККУнун отчетунда кеңири айтылган кемчиликтерди оңдоп, эреже бузуулар жана алдамчылык болгон учурларды дароо, айкындык менен иликтеши керек" деди. Ал Кошмо Штаттары кыргыз бийликтерин өлкөдөгү нааразылык акцияларын тынчтык жол менен жөнгө салууга чакыраарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG