Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

№73 Аксуу аймагында да С.Урманаевдин жеңишине нааразылык чыкты


КАРАКОЛ. Пикетчилер №73 Аксуу аймактык шайлоо комиссиясынан шайлоочулардын 54,51% добушу менен парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында марага жеткен Султан Урманаев шайлоочулардын добушун сатып алды, биз анын «арзан баада күйүүчү жана майлоочу май, ташкөмүр берем» деген сөзүнө алдандык. Ошондуктан шайлоону жокко чыгарабыз. Эгерде биздин талап орундалбаса, анда нааразычылык акциябызды дагы уланта беребиз. Эртең биздин катарыбыз дагы толукталат» деген талаптарды коюшту. Аксуу айылынын тургуну Мира Осмонова айыл калкынын жашоо-шарты өтө начар, жакырчылыктан чыкпай эле, тескерисинче, жакырчылыктын сазына батуудабыз, ошон үчүн болоор-болбос нерсеге алдануудабыз деген оюн билдирди. Пикетчилер түшкү саат он экиде тарап кетишти. Алынган маалыматтарга караганда мындай нааразычылык акциялары аталган райондун үч-төрт айылында да болду. Ал эми Султан Урманаевдин айрым ишенимдүү адамдарынын пикиринде пикетчилер бир тараптуу кызыкчылыкты гана көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG