БИШКЕК. “AWAKS” чалгындоо учактарын Кыргызстанга жайгаштыруу тууралуу АКШ бийлиги Кыргызстандын жетекчилигине кайрылган эмес. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг 16-мартта өткөн маалымат жыйынында билдирди. Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ өкмөтү жана НАТО “AWAKS” чалгындоо учактарын Кыргызстанга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу менен кайрылганын билдирген.