Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Шайлоочулар Базаркоргон менен Кочкордун акимчиликтерин ээлеп алышты


БИШКЕК. Ички иштер кызматынын өзгөчө отряды 16-мартта кечке жуук Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясын ээлеп турган элдин арасынан аким Мамарасул Төрөевди имараттын терезесинен алып чыгып кетти. Имаратты Карүңкүр шайлоо округунун шайлоочулары түш ченде ээлеп алышкан. Кабарчыбыз Замира Кожобаеванын Базаркоргондон маалымдаганы: «16-март күнү Базаркоргон райондук администрациясынын имаратын шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушкан жана бийликтин отставкасын талап кылган адамдар ээлеп алышты. Райондук администрациянын имаратын ээлеп алышкан адамдар шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнө нааразылыктарын билдиришип, президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылышты. Алар өздөрү менен Базаркоргон районунун акими Мамарасул Төрөевди алып отурушкан. Бирок саат беш жарымда атайын түзүлгөн отряддын кызматкерлери имараттын арт жагындагы терезесин талкалап, акимди алып кетишти. Бул - турган элдин кыжырдануусун жаратты”.

Ушул эле күнү түштөн кийин Кочкор шайлоо округунун шайлоочулары Кочкор райондук администрациясын ээлеп алышкан. Алар Кочкор райондук бийлигинин, Кочкор жана Биринчимай райондук сотторун кызматтан кетишин талап кылышууда. «Эр айдоочу» бейөкмөт уюмунун төрагасы Качкын Булатовдун айтымында, 15-марттын кечинде имаратта 600 чамалаш киши турган. Кочкордуктардын кайрадан нааразылык билдиришине Бишкектин Биринчимай райондук сотунун округдук шайлоо комиссиясынын 27-февралдагы добуш берүүгө байланыштуу чечимин жокко чыгарганы себеп болду. Соттун чечимине ылайык бардык талапкерлерге каршы добуш берген 15 миң шайлоочунун добушу жокко чыгарылды. Арызды 1-май райондук сотуна талапкер Турдакун Усубалиев берген.

XS
SM
MD
LG