Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Стивен Янг: «бийлик оппозицияны терс күч катары көрсөтүүгө аракет кылууда»


БИШКЕК. Кыргызстандын ырасмий бийлиги менен оппозициянын ортосунда демократиялык принциптер талап кылган өз ара түшүнүшүү жана бири-бирин урматтоо мамилеси сакталган жери жок. Ырасмий бийлик оппозицияны өтө тескери күч катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Мындай пикирин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивенг Янг байкоочу тарап катары билдирди жана оппозиция менен ырасмий бийлик ортосунда сүйлөшүү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. АКШ элчисинин пикиринде парламенттик шайлоого байланышкан өлкө аймагындагы чыңалуу кагылышууларга жана күч колдонууга алып келбеши үчүн эки тарап тең токтоолукту сакташы керек. Анын айтымында, Жалалабат, Өзгөн, Карасуу, Ош, Кочкор, Талас, Бөкөнбаев, Нарын аймактарындагы нааразылык чараларында күч колдонууну шарттагыдай жагдайлар түзүлгөн жок.

XS
SM
MD
LG