Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Ош-Карасуу жолу буулду


БИШКЕК. 16-март күнү кечки саат бештер чамасында соттон утулуп калган №41 Карасуу шайлоо округу боюнча талапкер Байыш Жусуповдун жактоочулары Карасуу райондук сотунун алдында нааразылык иш-чараларын уюштурушуп, Карасуу-Ош жолун бөгөп алышты. Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна талапкер Арап Төлөновдун ишенимдүү өкүлү Бакыт Закир уулу билдирди. Алардын адвокаты Мырзабек Кыпчакбаевди Байыш Жусуповдун адамдары уруп кеткендиктен оор абалда райондук ооруканага жеткирилгендигин кабарлады. Мындан сырткары соттун жүрүшүнө байкоо салып отурган “Итоги недели” гезитинин кабарчысы Павел Громовдун, анын өзүнө жана “Мыйзам ТВ” телеканалынын журналисттерине да коркутуп-үркүтүү, алардын техникалык жабдууларын тартып алууга аракет болгондугун билдирди. Эске сала кетүүчү жагдай мындай окуя Карасуу райондук соту тарабынан талапкер Арап Төлөновдун пайдасына чечилген чечим окулгандан кийин башталган. Ош облустук ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев талапкер Байыш Жусуповдун үч жүзгө жакын жактоочусу Карасуу-Ош жолуп бөгөп алышкандыгын жана райондук акимчиликти басып алууга ниеттенип жатышкандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG