НЬЮ-ДЕЛИ. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс Нью-Делиде пресс-конфренция өткөрдү. Италиянын Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндөгү чечимине АКШ кандай мамиле кылууда? –деген суроого Райс:
- Италия кандай чечим кабыл албасын, ирактыктар италиялыктардын сиңирген эмгегине жана келечекте Иракты кайра курууга кошо турган салымына татыктуу баа берет, деп ойлойм,- деп жооп берди.
Кечээ Италиянын өкмөт башчысы Сильвио Берлускони Италия Иракта жайгаштырылган 3 миң аскерин сентябрдан баштап чыгарып кете турганын билдирген.
Нью-Дели Азия өлкөлөрүнө визитин баштаган Кондолиза Райстын биринчи аялдамасы. Индияга жасаган визити учурунда Райс газ түтүгүн салуу боюнча Иран менен Индиянын орток долборуна тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Индиянын тышкы иштер министри АКШнын Пакистанга Ф-16 үлгүсүндөгү аскердик учактарды сатуу пландарына кабатырланды. Бүгүн Райс Пакистанга жол тартат, андан соң ал Ооганстан, Япония, Түштүк Корея жана Кытайга барат.